БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Айдар Акаевдин сөөгү Москвадагы Троекуров көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи президентинин үй-бүлөсүнө жакын адамдар билдирди.
Алардын айтымында, Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 8-февралда, саат 11:00дө болот.
Троекуров көрүстөнү Москванын батышында Троекуров айылында жайгашкан. Мүрзө 1970-жылдын экинчи жарымында көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмерлер үчүн түзүлгөн. Көрүстөндүн администрациясы белгилүү адамдардын мүрзөсүнө экскурсия дагы уюштуруп келет. Андагы бир эле участок бир нече миллион рублга жетиши мүмкүн.