Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Кыргызстандын өкмөт мүчөлөрүнүн бир тобу эки, айрымдары үч дипломго ээ. Ал түгүл арасында чет жерде окуп келгендери да бар. Министрлердин кимиси кайсы адистиктин ээси, кайсы тармакта керекке жарап жатканына Sputnik Кыргызстан редакциясы кызыгып көрдү.
Sputnik

Кыргыз өкмөтүндө кадрдык жүрүштөр болду. Мурда өкмөттүн экономикалык блогуна көз салган вице-премьер Замирбек Аскаров капысынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп калды. Анын ордуна Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев келди.

Sputnik Кыргызстан өкмөт мүчөлөрүнүн адистиктерин дагы бир ирет эске салууну эп көрдү.

Өкмөттүн канча мүчөсү бар?

Өкмөттүн 22 мүчөсү бар: премьер, төрт вице-премьер, 12 министр, эки мамлекеттик комитет башчысы жана министр даражасындагы өкмөттүн аппарат башчысы. Алардын катарында өкмөттүн курамына коргоо иштери жана улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттеринин башчылары да кирет, бирок алар президентке баш ийет.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунан 1994-жылы агроном адистигине ээ болуп чыккан. Ал эми 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин аяктаган.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган, кесиби боюнча инженер-куруучу. Ошондой эле 2011-жылы Башкаруу, укук, каржы жана бизнес эл аралык академиясын юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Вице-премьер Жеңиш Разаков үч жогорку билимге ээ. 1990-жылы Ленинград аскердик-механикалык институтунун прикладдык механика жана автоматика факультетин бүтүргөн. 2002-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин жана 2013-жылы КР ИИМ академиясын сырттан аяктаган. Ачык булактарда адистиктердин аталыштары көрсөтүлгөн эмес. Министрлер кабинетинде чек ара маселелерин жана күч органдарын тескейт.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин тарых факультетинин (1996-жыл), ошондой эле аталган окуу жайдын алдындагы Магистратура жана аспирантура борборунун юридикалык факультетинин (2002) бүтүрүүчүсү. Социалдык блокту тескейт.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Вице-премьер Эркин Асрандиев 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин эсептик-коммерциялык факультетин аяктаган. Министрлер кабинетинде экономикалык маселелер боюнча иш алып барат.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 1998-жылы Эл аралык мамилелер (бакалавр) адистиги боюнча Кыргызстан эл аралык университетин аяктап, эки жылдан кийин ушул эле окуу жайдан юриспруденция боюнча магистрдик даража алып чыккан. Андан кийин Кыргыз-Россия Славян университетин бүтүргөн.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев КМУУнун юридикалык факультетинин бүтүрүүчүсү (2000-жыл).

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Юстиция министри Марат Жаманкулов 2000-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин юриспруденция багыты боюнча бүтүргөн. 2014-жылы КР президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарда адамдык ресурстарды башкаруу адистиги боюнча магистрдик даражага ээ болгон.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Финансы министри Бактыгүл Жеенбаева Кыргыз мамлекеттик университетинин эки жолку бүтүрүүчүсү (1982, 1989). Прикладдык математика жана экономика адистиктери боюнча билим алган. Экономика илимдеринин кандидаты.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Экономика министри Санжар Муканбетов 1994-жылы Кыргыз техникалык университетин радиоэлектрондук каражаттарды конструкциялоо жана технология багыты жана 2003-жылы экономика адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин аяктаган.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Айыл чарба, мелиорация жана тамак-аш өнөр жайы министри Эркин Чодуев үч дипломдун ээси. 1987-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-куруучу адистиги боюнча аяктаган, ал эми 1998 жана 2004-жылдары экономика жана юрист адистиктери боюнча Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов 1993-жылы Кыргыз архитектура жана курулуш институтунун автомобилдик жолдорду жана аэродромдорду куруу факультетин аяктаган. 2005-жылы Прага экономикалык университетин бүтүргөн.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Ош мамлекеттик университетин эки ирет – география мугалими (1999-жыл), Финансы жана кредит (2014-жыл) адистиктери боюнча аяктаган.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 1987-жылы Ош мамлекеттик университетинде кыргыз тили жана адабияты жаатында билим алган. Филология илимдеринин доктору (2011-жыл) жана профессор (2018).

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 1985-жылы Алма-Ата мамлекеттик медициналык институтунун фармацевтикалык факультетин аяктаган. Экинчи жогорку билими боюнча юрист (Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы, 2011-жыл).

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Кыргыз-түрк “Манас”  университетин ишканалар менеджменти адистиги боюнча бүтүрүүчүсү (2008). Үч жылдан соң Кыргызстан эл аралык университетин финансы адистиги боюнча аяктаган.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин финансы жана кредит, 2003-жылы ошол эле окуу жайды укук таануу адистиги боюнча аяктаган. 1997-жылы КР УКМКнын жогорку курсун аяктап, төрт жылдан кийин Россиянын ФСБ академиясында квалификациясын жогорулатуу боюнча курсунан өткөн.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаевдин Кыргыз мамлекеттик университетин эки ирет аяктаган: экономика жана материалдык-техникалык жабдууну пландоо, Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтун юриспруденция багытында аяктаган. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жогорку курсунан өткөн.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев 1990-жылы Алма-Ата жалпы аскердик командалык жогорку окуу жайын, 2004-жылы РФ Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясын бүтүргөн, ушул эле өлкөдө 2014-жылы Куралдуу күчтөр Башкы штабынын аскердик академиясын аяктаган.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов Фрунзе политехникалык институтунда геологиялык тартуу, пайдалуу кен байлыктарды изилдөө жана чалгындоо багытында билим алып, кийин Кыргыз улуттук университетин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча аяктаган.

Ким эле, ким болду? Өкмөт мүчөлөрүнүн кандай билими бар

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев 2008-жылы Улуу Британияда Кингстон университетин аяктаган, бирок адистиги боюнча маалымат жок.