"Кант" авиабазасы пулеметтуу "Урал" унаалары менен толукталды

Коргоо министрлиги аскер унаасынын техникалык мүнөздөмөлөрүн санап берип, ал ЖККУнун окууларына катышканын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кантта жайгашкан Россиянын аскерий авиабазасы "Урал" аталышындагы 13 армиялык жүк ташуучу унаа менен толукталды. Автоунаа кузовунда кең калибрдүү пулеметтун болушу менен айырмаланып турат. Бул туурасында РФтин Коргоо министрлигинин борбордук аскер чөлкөмүнүн маалымат кызматы билдирди.

Курал-жарак кызматынын адистери унааларды сооттоп чыгышкан. Алар автокөлүктөрдүн кыймылдаткычтарын, кабина жана кузовунун десанттык бөлүктөрүн бекемдешкен.

ЖККУ аскерлери Кант шаарында өрт өчүрүүгө жардам берди. Сүрөт
Жүк ташуучу унаа бир эле убакта ок менен сыныктардан жеке бөлүктү жана кыймылдаткычты коргой алат. Ошондой эле жогорку мобилдүүлүккө ээ. Жүргүнчү отурган жеринде, тагыраагы, кузовунда ок чыгарганга ылайыкталган жери бар. Андан тышкары, кичи калибрлүү зениттик пулеметторду орнотуу үчүн айланып туруучу жабдык коюлган.

Бул унаалар террорчулукка каршы аракеттерде колдонулары айтылды.

Автокөлүктөр буга чейин ЖККУнун Тажикстанда өткөн окуусунда колдонулган. Анда экипаж башка танктарга аскер аракеттерди көрсөтүп машыгышкан.

Ошондой эле базанын карамагында Су-25 учактары менен Ми-8 тик учактары бар экендиги кошумчаланды.