Бус оодарылып кетти. Бишкекте таң атпай кагышкан эки автоунаанын сүрөтү

Жол кырсыгынан 33 жана 23 жаштагы эки аял жабыркаган. Бири башынан жаракат алып, кабыргасы сынып, ооруканага жеткирилди.  Экинчи аял ооруканага жатып дарылануудан баш тарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бишкекте бүгүн эртең менен жүк ташуучу бус менен жеңил автоунаа кагышып, биринчи автокөлүк оодарылып кетти. Бул тууралуу “Короче” Telegram каналына жарыяланды.

Маалыматты шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан тастыкташты. Жукеев-Пудовкин көчөсү менен келе жаткан жүк ташуучу автоунаа тайгаланып барып жеңил машинага урунуп, андан соң өзү оодарылып кеткен.

Бишкекте жол кырсыгы болуп, аял менен бала жабыркады
Окуя 28-январь күнү эртең мененки саат 6.20да Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде болду.

Тез жардам кызматынан  жол кырсыгынан 33 жана 23 жаштагы эки аял жабыркагандыгын билдиришти. 33 жаштагы келин башынан жаракат алып, кабыргасы сынып кеткен. Ал  Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылды. Ал эми экинчи аял ооруканага жатып дарылануудан баш тарткан. Жабырлануучулар бустун жүргүнчүлөрү болгон.