Нарында 42 айыл таза сууга муктаж

Долбоор ишке ашса, Нарын облусунун айылдарында жашаган 90 миң жашоочу ичүүчү суу менен камсыз болмокчу. Аталган аймакта 135 айыл бар.
Sputnik

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Нарын облусунун 42 айылын ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн 32,9 миллион доллар сарпталат. Мындай маалымат бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин Нарын шаарында өткөн көчмө жыйынында айтылды.

Азия өнүктүрүү банкы каржылоо жаатында башкы өнөктөш катары иш алып барып, кыргыз өкмөтү тарабынан долбоор жүзөгө ашууда. Мунун ичинен 31 айылды таза суу менен камсыздоо биринчи транш менен ишке ашат.

Жыйында "Нарын облусунда айылдарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана санитарияны өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы 13,7 миллион долларды грант, 13,7 миллион долларды насыя түрүндө берери маалымдалды. Ал эми өкмөттүн 5,5 миллион долларды кошумча каржылоосу каралган.

"Долбоор ишке ашса Нарын облусунун айылдарында жашаган 90 миң жашоочу ичүүчү таза суу менен камсыз болот", — деди Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев.

Арыктан ичип... Кыргызстанда таптакыр таза суусу жок отурган айылдар. Тизме
Депутаттар 42 айылга таза суу киргизүүнү эки траншка бөлгөндө долбоор узакка созулуп кетерин айтышып, бир эле каржылоо менен ишке ашырууну сунушташты. Бул сунуш өкмөттө каралары айтылып, облус аймагында Таза суу мыйзамынын аткарылышы бир добуштан жактырылды.

Көчмө жыйынды аталган комитеттин төрагасы Нурбек Алибеков жетектеп алып барды.

Маалымат үчүн айта кетсек, Нарын облусунда 135 айыл болсо, анын ичинен 42 айыл ичүүчү таза суу менен толук камсыз болгон эмес.