Троллейбуста элге бычак шилтеген киши тергөө абагына киргизилди

Сот 27 жаштагы Т.У. аттуу жаранды эки айга №1 тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алды. Ал 20-ноябрда коомдук транспортто чуу салган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Троллейбустун ичинен элге бычак шилтеп, милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн киши тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Биринчи май райондук соту 27 жаштагы Т.У. аттуу жаранды эки айга №1 тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган.

Эске салсак, окуя 20-ноябрда болгон. Милициянын маалыматына караганда, троллейбустагы киши жүргүнчүлөргө бычак шилтеп коркуткан. Андан соң качып кетүүгө аракет жасаган, бирок акыры тартип сакчыларынын колуна түшкөн. Троллейбустун айдоочусу Светлана Тургунбаева Sputnik агенттигине окуянын чоо-жайын баяндап берген.