10:00 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4602
  • RUB1.0946
Видео

Элге бычак шилтеди... Светлана өзү айдаган троллейбустагы окуяны айтып берди. Видео

Кыскача шилтеме алуу
420 0 0
© Sputnik / Нурис Алымбаев

Бычак кармаган киши троллейбустун жүргүнчүлөрүнө кол салууга аракет жасаган. Окуя бүгүн, 20-ноябрда, Бишкектин чок ортосунда болгон.

Троллейбустун айдоочусу жолдон милиция кызматкерлерин көрө калып аларды жардамга чакырган. Укук коргоочулар кишинин артынан Киев көчөсүнөн Логвиненкого чейин кууп барып элдин жардамы менен аны кармоого аракет жасашкан. Бирок ал бычак шилтеп каршылык көрсөткөн. Акыры ал Жогорку Кеңештин имаратына жакын жерден кармалып, милицияга алып барылган.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кишини кармоого жардам берген жарандык кийимчен адамдар Биринчи май райондук ИИБинин Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү болуп саналат.

Мындан сырткары, ошол учурда Ак үйдөн чыгып келе жаткан ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев аны кармоого жардам берген.

№2 троллейбустун айдоочусу Светлана Тургунбаева кол салуу аракети учурунда ал өзү үчүн эмес, жүргүнчүлөр үчүн кабатыр болгонун Sputnik агенттигинин кабарчысына айтып берди.

"Аялдамадан күзгүнү карасам арттан бир киши чуркап келе жатыптыр. Ал ичкери кирип, ортодогу каалганы тарткылап, далысы менен жөлөнүп алды. Жыгылып кетиши мүмкүн экенин айтып эскертүү берсем мени сөгүп кирди", — деди айдоочу аял.

Ошол жерде отургандардын бири аял кишини сөккөн туура эмес экенин айтканда, киши ызаланып, кайдан-жайдан бычагын алып чыгып, жүргүнчүлөрдү коркутуп кирген.

Андан чочулаган адамдар артка кача баштаган. Ал эми бычак шилтеген киши аларды дагы оозго алгыс сөздөр менен сөгүп кирген. Киев көчөсү менен баратып аянтка жеткенде айдоочу аял милиция кызматкерлерин байкап калган. Ал терезесин ача салып аларды жардамга чакырган.

"Укук коргоочулар алдыңкы эшик аркылуу кирип келишти. Бычак кармаган киши аларды көздөй басып келе жатты. Эшиктерди кайра ачсам сыртка качып кетти, милиционерлер артынан кууп жөнөштү. Троллейбусту аялдамадан токтотуп, жүргүнчүлөрдүн абалын сурап кирдим. Эшикке жакын отурган аял жүрөк оорулуу экенин, өзүн начар сезип жатканын айтты", — деди айдоочу.

Ал ошондой эле эгер милиция кызматкерлери болбогондо салонго өзү кирип, кишини токтотууга аракет кылмактыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Чүйдө аялына кол салган бөтөлкөлөшүн өлтүрө сабаган үй ээси кесилип кетти
Бычак шилтеп кол салган адамды милиция элдин жардамы менен кармады. Видео
Москва дарыясынан сөөгү табылган кыргызстандыктар. Шектүү экинчи ирет кармалды
Белгилер:
милиция, бычак, троллейбус, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ