БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын февралында Москвага сапар алып, өлкө башчысы Владимир Путин менен жолугушуусу мүмкүн.
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлагандай, элчи Аликбек Жекшенкулов РФ президентинин эл аралык маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту.
Анда Жээнбековдун Россияга боло турган сапарынын күнүн макулдашуу жана 2020-жылы февралда өлкө башчыларынын деңгээлинде кайчылаш жылдарды ачуу салтанатын Чоң театрдын жаңы сахнасында өткөрүү маселелери талкууланды.
Россия тараптын сунушу менен кайчылаш жылдардын программасы кызматташуунун саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык тармагын камтышы керек.
Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын алкагында 150дөн ашуун иш-чара пландалган. Мындай тажрыйба КМШ мамлекеттеринде биринчи жолу ишке ашмакчы.