БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Кочкор-Ата шаарындагы оорукананын Балдар психоневрологиялык бөлүмүндө тепкичке отуруп кезек күткөн ата-энелерге кызмат көрсөткөн дарыгер жеке тартипте иштейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин балдарды көзөмөлдөө боюнча башкы адиси Бермет Самаганова Sputnik агенттигине билдирди.
Буга чейин Facebook тармагынын колдонуучусу Данияр Дурусбеков өзүнүн баракчасына таң эрте келип алып, сызда отуруп дарыгер күтүп жаткан ата-энелердин сүрөтүн жарыялаган. Ал эмне себептен бул оорулууларга шарт түзүлбөйт деген дооматын койгон.
"Сүрөт Кочкор-Ата шаарынын Балдар реабилитациялык борборунда тартылган. Эл күтүп жаткан невролог ооруканада 0,5 ставка менен иштейт. Ошол эле учурда шаар мэриясы менен келишим түзүп, оорукананын ичинде жеке кабинет ачкан экен. Анда амбулатордук оорулууларды кабыл алат. Ага эл бири-биринен угуп алып эле башка облустардан, жада калса Өзбекстандан бери келет экен", — деди адис.
Самаганованын айтымында, учурда министрлик сөз болуп жаткан дарыгердин ишмердүүлүгүн текшерип жатат.
Келишимдеги негизги талаптар — оорулуулар каалаган учурда башаламан келип, өздөрү дагы кыйналып, башкаларга дагы тоскоол болбош үчүн электрондук кезекке жазылышат. Эртерээк келгендер үчүн медикти күткөнгө отургучтары менен ыңгайлуу жай бөлүнөт.
Бүгүн дарыгерге жана оорулууларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү кошумчаланды.
Министрликтин маалыматына караганда, түштүк аймагы боюнча облустук деңгээлдеги бардык ооруканаларда невролог адистер бар.