Бишкекте жүргөн япониялык журналисттер менен күйөрмандар. Сүрөт

Кыргызстандыктар менен Күн чыгыш өлкөсүнүн спортчуларынын таймашы бүгүн саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Борбор калаада боло турган Кыргызстан — Япония курама командаларынын 2022-жылдагы Дүйнөлүк чемпионаттын катышуучуларын тандоо турунун алкагындагы беттешине Күн чыгыш өлкөсүнөн да күйөрмандар келишкен.

Эске салсак, футбол беттеши бүгүн саат 17:15те Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат. Стадион толуп, күйөрмандар көп болорун сатылган билеттердин калбай калгандыгынан баамдоого болот.

Япониянын командасы F группасынын лидери. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан экинчи орунда. Япониянын курама командасы дүйнөлүк рейтингде 28-орунда турса, Кыргызстан 94-сапта.