Жээнбеков Токаевдин сапарына даярдыктын жүрүшү тууралуу кабардар болду

Жээнбеков Казакстандын президенти Токаевдин мамлекеттик сапарына жана ЖККУнун жыйынына карата даярдыктар тууралуу кабардар болду.
Sputnik

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары 27-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-ноябрда, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алган.

"Министр Казакстандын башчысы Токаевдин 27-ноябрга белгиленген мамлекеттик сапарына карата даярдык тууралуу президентке маалымат берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Нур-Султандын бир бөлүгүндө эки суткадан бери жарык жок. Токаев үн катты
Мындан сырткары, Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жыйынына даярдыктардын алкагында аткарылып жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле 28-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө турчу иш-чарага Белоруссия, Казакстан, Россия, Тажикстан мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.