БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстандан жөнөтүлгөн азык-түлүктөрдү айрым учурда Россия менен Казакстан өткөрбөй артка кайтарууда деген маалыматка Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жооп берди.
Соңку убакта Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү экенине карабай айыл чарба продукцияларын экспорттоодо тоскоолдуктар болуп жатканы айтылууда. Өз кезегинде Sputnik Кыргызстан агенттиги да Россельхознадзордун жана Казакстандын Айыл чарба министрлигинин расмий сайтына таянуу менен 151,2 тонна азык-түлүк артка кайтарылганын жазган.
Өсүмдүктөрдүн карантини департаментине экспортчулар продукциялары артка кайтарылбаганын, жүктөр тариздөөдөн өткөндөн кийин эле Россияга киргизилгенин билдирген.
"Кыргызстандык экспорттоочулардын карантиндик-фитосанитардык талаптарды бузганы боюнча так маалымат камтылбагандыктан тийиштүү чараларды көрүү мүмкүн эмес. Сайттарда айтылган маалыматтар адекваттуу текшерүү үчүн негиз боло албайт. Ошондуктан биз бир нече жолу Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматына (Россельхознадзор) тийиштүү даректер боюнча маалымат берүүнү сурап кат жөнөткөнбүз. Тилекке каршы, бүгүнкү күнгө чейин жооп келген жок", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева: "ЕАЭБге кирген мамлекеттер Кыргызстандын канча айыл чарба продукциясын өткөрбөй артка кайтарды?"— деп сураган. Буга айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев "эч кандай кайрылып келген жок" деп жооп берген.