1-ноябрда Бишкекте "Жаратылышты коргоо жана инвестициялык талаш-тартыштар" деген теманын алкагында эл аралык саммит өтөт. Бул тууралуу Жоомарт Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып эске салды.
Анын айтымында, аталган саммитке 12 мамлекеттен юристтердин келиши күтүлүүдө.
"Кыргызстанда эл аралык инвестициялык талаш-тартыштарда өлкөнүн укугун коргоп кала ала турган юристтер жокко эсе. Андыктан кайсы бир мамлекеттен келген инвестор менен өкмөт ортосунда талаш маселе жаралса, инвестор эл аралык сотко кайрылса утулуп калабыз деген түшүнүк калыптанып калган. Биз бул көйгөйдү жоюу максатында үч жылдан бери эл аралык инвестициялык талаш-тартыштарда тажрыйбасы чоң адистерди чакырып, жергиликтүү юристтер менен баарлашууга аянтча түзүп келебиз. Быйыл жылдагыдан айырмаланып, жаратылышты коргоо багытын коштук. Анткени өлкөдөгү кен казуу иштери, ал боюнча мыйзамдар элдин нааразычылыгын жараткан учурлар соңку кезде көп. Чет элдиктер да көбүнесе ушул тармакка инвестиция салганга кызыкдар болгондуктан, биз жаратылышыбызды коргоо менен келген каражат булагын туура колдонууну үйрөнсөк дейбиз", — деди Жолдошев.
Ал саммит бир күн гана өтөрүн, ага катышууну каалаган бардык адистер келе аларын кошумчалады.