Sputnik Кыргызстан 5 жылдыгын кантип белгиледи. Видео

Бул жылы Sputnik Кыргызстан беш жылдыгын белгилеп жатат. Редакциянын туулган күнүн белгилөө салтанатына россиялык ырчы Евгений Маргулистин музыкалык жамааты катышты. Ошондой эле коноктор "Элес" тобунун ырларын угушту.
Sputnik

Беш жыл ичинде журналисттер 77 миңден ашуун макала даярдашкан. Сайтка бир күндө 160 миңден ашык окурман кирет. Ал эми айына 2,5 миллионго жетет. Социалдык тармактардагы баракчаларыбызга 600 миң колдонуучу жазылган.

Салтанатка келген өнөктөштөр менен коноктор Sputnik тууралуу пикирлерин айтышты.

Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу Sputnik башкалардан мазмундуу жана ар тараптуу макалалары менен айырмаланарын айтты.

Ал эми Kaktus Media агенттигинин негиздөөчүсү Дина Маслова Sputnik журналисттери "Кактусту" чыйрак кармап турарын моюндады.

"Этиканын бардык нормаларын сактайт. Мыкты долбоорлорду жарата билишет, эң негизгиси жакшы адамдар", — деди Маслова.

Sputnik Кыргызстанга 5 жыл! Журналисттер эсте калган эмгеги менен бөлүшөт
Sputnik мультимедиалык борборлор дирекциясынын шеф-редактору Маргарита Некрасова редакция беш жыл ичинде кесипкөйлүгүн далилдей алганына токтолду.

"Беш жыл кандайдыр бир жыйынтыктарды чыгарчу мезгил. Бул аралыкта өз принциптерибизди сактап, кесипкөйлүгүбүздү көрсөттүк. Сиздерге рахмат!" — деди москвалык кесиптеш.

Майрамдык иш-чарага келген коноктор ырчы Евгений Маргулистин жана "Элес" тобунун чыгармаларын угушту.