Премьер Абылгазиев өлкөнүн түштүгүнө учуп кетти

Өкмөт башчы Ош жана Баткен облустары менен Ош шаарындагы бир катар социалдык, инфратүзүмдүк жана өнөр жай объектилеринин курулушун көрөрү маалым болду.
Sputnik

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен өлкөнүн түштүгүнө учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө өкмөт башчы социалдык объектилердин ачылышына катышары айтылды. Андан сырткары, Ош жана Баткен облустарындагы, Ош шаарындагы бир катар социалдык, инфратүзүмдүк жана өнөр жай объектилеринин курулушунун жүрүшү менен таанышат.