Радио

Усенбаева: өлкөдө кан запасы тартыш

Республикалык кан борборунун кан даярдоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Усенбаева учурда кан запасынын тартыштыгы бар экенин айтты.
Sputnik
Усенбаева: өлкөдө кан запасы тартыш

Акыркы тапта кан донорлорунун саны кескин кыскарып, жай мезгилинен тарта кан банктары тийиштүү деңгээлде толбой жатат. Бул тууралуу Айнура Усенбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өз каалоосу менен кан тапшырган жарандар аз. Мындан улам учурда ар кандай акциялар өткөрүлүп, коомчулукту кан тапшырууга үндөө аракеттери жүрүп жатат.

"1997-жылдан бери жыл сайын сентябрь айынын акыркы жекшембисин кан донорлорунун улуттук күнү катары белгилеп келебиз. Быйыл "Коопсуз кан бардыгы үчүн" деген ураандын алдында атайын беш күндүк акция жарыяладык. Аталган иш-чара 23-27-сентябрда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын морфологиялык корпусунда өтөт. Ага 18 жаштан 60 жашка чейинки курактагы бардык жарандар паспорту менен келип, катыша алышат. Бүгүнкү күндө мындай иш-чаралар абдан керек болуп турат. Себеби учурда кан тартыштыгы бар. Кан стратегиялык запас болуп эсептелет. Аны сөзсүз түрдө жетиштүү деңгээлде толуктап турушубуз керек", — деди Усенбаева.

Ошондой эле ал кан тапшыруу ден соолукка пайдалуу экенин кошумчалады.