Шумахер комадан 2014-жылы эле чыккан. Спортчунун абалы тууралуу эмне белгилүү?

Спортчу 2013-жылы лыжа тээп жүрүп кырсыктап, башынан оор жаракат алган. 2018-жылы айрым ЖМКлар анын төшөктөн турганын жана жасалма дем алдыруучу аппаратты пайдаланбай калганын жазып чыгышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. "Форумала - 1" мелдешинин жети чемпиону 2013-жылы Михаэль Шумахер Париждеги Жорж Помпида атындагы клиникада дарылануусун аяктады. Бул тууралуу BFMTV порталы жазды.

Ага ылайык, спортчу 12-сентябрдын түнүндө жети дарыгердин коштоосунда клиникадан чыгарылган. Спортчунун дарылануусу боюнча так маалыматтар азырынча жок.

Актриса Анастасия Заворотнюк дем алдыруучу аппаратка туташтырылды
Шумахер 2013-жылы лыжа тээп жүрүп кырсыктап, башынан оор жаракат алган. 2018-жылы айрым ЖМКлар спортчу жасалма дем алдыруучу аппаратты пайдаланбай калганын жазып чыгышкан. Ал эми быйыл сентябрдын башында комадан чыкканы кабарланган.

Бирок Шумахер 2014-жылы июнь айында эле комадан чыгып, Швейцариядагы үйүнө реаблитация үчүн чыгарылганы белгилүү болду. Андан бери эч кандай расмий маалымат таратыла элек болчу. Спортчунун үй-бүлөсү анын саламаттыгы боюнча эч кандай маалымат бербей турууну чечишкен. Шумахерди бир туугандары жана жакын достору гана сурап келе алат. Өз кезегинде алар да спортчунун ден соолугу тууралуу ооз ачышпайт.