10:31 22 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Формула-1 жарышынын жети жолку чемпиону Михаэль Шумахер. Архивдик сүрөт

Алты жылдан бери комада жаткан Михаэль Шумахер эсине келди

© AFP 2019 / PORNCHAI KITTIWONGSAKUL
Коом
Кыскача шилтеме алуу
4248 0 0

Шумахер мындан алты жыл мурун Франциянын Мерибелинде лыжа тээп жүрүп кырсыктаган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. 2013-жылдын кыш айларында катуу жаракат алып комада жаткан "Формула-1" жарышынын жети жолку чемпиону Михаэль Шумахер эсине келгенин Le Parisien басылмасы жазды.

Буга чейин ЖМК 50 жаштагы спортчу Париждеги Жорж Помпиду атындагы оорукананын жүрөк-кан тамыр хирургиясынын бөлүмүнө жашыруун которулганын айтып чыгышкан. Эми анын саламаттыгына жүрөк оорусун дарылоо боюнча адис, профессор Филипп Менаше көз салмакчы.

"Ооба, ал менин бөлүмүмдө. Эсине келди", — деген клиниканын кызматкери.

Белгилей кетсек, Шумахер мындан алты жыл мурун Франциянын Мерибелинде лыжа тээп жүрүп кырсыктаган. Баш сөөгү, мээси жабыркап, спортчу ошондон бери комада болчу.

Тема боюнча

Валентина Шевченко UFC рейтингинде Дастин Порьени артта калтырды
Белгилер:
мээ, жарыш, баш, кома

ЭҢ МААНИЛҮҮ