Чүй облусунун райондоруна жаңы дайындалган соттор ант берди

Жогорку соттун төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антына бек турууга чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарылыгы менен 11-сентябрда сот болуп дайындалгандар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Нурсултан Назарбаевдин ролун аткарган актёр депутат болду
Ага ылайык, Чүй облусунун Жайыл райондук сотуна Чынара Саадабаева менен Гүлзат Усакпаева, Чүй облусунун Москва райондук сотуна Кубатбек Дубанаев, Чүй облусунун Панфилов райондук сотуна Жылдыз Сайдылдаева, Сокулук райондук сотуна Манасбек Кулмурзаев менен Нурмат Самаков, Токмок шаардык сотуна Урматбек Абдырахманов, Чүй райондук сотуна Алтынай Шаршеева, Ысык-Ата райондук сотуна Нурбек Тажибаев кызматке киришти.

Жогорку соттун төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антына бек турууга чакырды.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.