Кытайлык мушкер кыз атаандашын 42 секундада утуп, UFC чемпиону болду. Видео

Спортчу Кытайга UFC уюмунун чемпиондук наамын биринчи жолу алып келди.
Sputnik

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кытайда өткөн UFC турниринде жергиликтүү спортчу Вэйли Жанг бразилиялык Жессика Андрадени техникалык нокаут менен утуп, чемпиондук курун тартып алды. Муну менен ал өз өлкөсүнө аталган уюмдун наамын биринчи жолу алып келди. Бул туурасында UFC Russia Instagram баракчасына жазды.

Кечээ, 31-августта, Шэньчжэнь шаарында UFC Fight Night 157 турнири өткөн. Мелдештин башкы беттешинде Андраде менен Жанг кармашкан.

Тайып барып бутун кайрыды! 11 секундада жеңишке жеткен мушкер рекорд койду
​Натыйжада кытайлык спортчу атаандашын биринчи раундда эле тизеси менен тепкилеп, чыканагы жана колу менен ургулап жерге түшүргөн. Беттеш 42-секундада токтотулуп, Жанг 52 килограмм салмакта уюмдун чемпиону аталган. Мушкер карьерасында 20 беттешти утуп, бир гана жолу жеңилген.

Белгилей кетсек, Жессика Андраде ушул жылдын май айында америкалык Роуз Намаюнасты өзгөчө ыкма менен көтөрүп чаап, чемпион болгон. Ал августтун башында кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен беттешүү ниети бар экендигин билдирген.

Ошол эле учурда Вэйли Жанг чет элдик ЖМКларга берген маегинде келечекте Шевченко менен кармашууга кызыкдар экенин айткан.