Милиция айт намаз учурунда кырдаал кандай болгонун айтты

Айт намаз учурунда кандайдыр бир мыйзам бузуу катталган эмес.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Бишкек шаарында эски аянттагы айт намазына 15 миңден ашык киши келгенин шаардык милиция билдирди.

Айт намаз учурунда кандайдыр бир мыйзам бузуу катталган эмес.

"Шаардык милициянын жеке курамы коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн мурдагыдай эле иштеп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.