Кадамжайда 44 килограммдан ашык героинди кантип кармашты? Сүрөт

Жүктүн ээси Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кадамжайда эл аралык баңги зат ташылган трансулуттук каналдын жолу буулду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Укук коргоо органдарына Үч-Коргон айылында мөмө-жемиштерге жашырып баңги затын Россияга, андан ары Европага жөнөтмөкчү болгондор тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

Кара-Көл ШИИБдин жол коопсуздук кызматы менен Кадамжай РИИБдин кызматкерлери биргеликте иш алып барып, Volvo унааcы Кара-Көл шаарынан токтотулуп, Кадамжай РИИБдин тергөө кызматына алынып келген.

Унаанын айдоочусу 19 тонна шабдалы, кара өрүк, алмурут жүктөгөнүн жана аны Россияга алып барарын айткан.

"Милиция кызматкерлери автоунааны тинткен учурда мөмө-жемиштердин арасынан 93 даана брикет, алдын ала салмагы 44 килограмм 300 грамм болгон зат табылып алынган. Ага тиешелүү экспертизалар дайындалып, ал 999 түрүндөгү героин экендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Жүктүн ээси Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ага издөө жарыяланды.