Апта ирмеми: жылан менен өбүшкөн кишиден тарта "Оймо" фестивалына чейин

Sputnik

Борис Жонсон Улуу Британиянын премьер-министри болду.

Бишкектеги "Оймо" фестивалы кандай өтүүдө? Көз талдырган 11 сүрөт
Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө "Оймо" фестивалы өтсө, Россияда аскер-деңиз флотунун күнү белгиленди.

Германияда ысык күчөп жатат. Абанын температурасы 41,5 градуска жетти.

Японияда Олимпиада – 2020 оюндарына даярдыктар башталды.

Байкоңурдагы космодромдон Россиянын "Союз-ФГ" ракетасы учурулса, Нью-Дели шаарында Индиянын мода жумалыгы өттү.

Москва шаарында Miss MAXIM 2019 бүткүл россиялык сулуулук конкурсунун жеңүүчүсү тандалды.

1 / 19
Индияда ыйык Шраван айын майрамдоо учурунда жылан менен бийлеген киши
2 / 19
Новосибирск облусунун Искитим районундагы талаада гүлдөгөн гречиха
3 / 19
Россияда аскер-деңиз күнүн белгилөөгө даярдык көрүү учурундагы Б-271 "Колпино" суу алдындагы кемеси
4 / 19
Индиянын Агартале текстиль фабрикасындагы жумушчу боёлгон жиптерди жайып жатат
5 / 19
Египеттин Гиза шаарында жүзүм жыйналууда
6 / 19
Москва шаарында Miss MAXIM 2019 бүткүл россиялык сулуулук конкурсунун жеңүүчүсү тандалды
7 / 19
Японияда Олимпиада оюндарына даярдыктар башталды. Ал 2020-жылы 24-июлдан 9-августка чейин Токио шаарында өтөт. Ага 205 мамлекеттен 12 миңден ашык спортчу катышары болжолдонууда.
8 / 19
Лейпциг шаарындагы зоопарктагы бассейнге түшүп жаткан пилдин баласы. Германияда күн катуу ысып, көрсөткүч рекорд койду. Абанын температурасы 41,5 градуска жетүүдө.
9 / 19
Чилидеги Minera Valle Central заводунун уулуу калдыктарды сактаган көлмөсү
10 / 19
Борис Жонсон Улуу Британиянын премьер-министри болду
11 / 19
Сириядагы Аль-Холь лагери, колуна баласын көтөргөн аял
12 / 19
Макао, үйүн өрт жалмаган аял жардам сурап жатат
13 / 19
Нью-Йорктун жашоочулары Flushing Meadows–Corona паркындагы фонтанда эс алууда
14 / 19
Байкоңурдагы космодромдон Россиянын "Союз-ФГ" ракетасы учурулду
15 / 19
Америкалык Хали Фликкингер суудагы спорттун түрү боюнча өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катышты
16 / 19
Парагвайдын Эмбоскада шаарынын жашоочусу ыйык Франциско Солано майрамында канаттан жасалган кийим кийди
17 / 19
Бельгиянын Де Хаан муниципалитетиндеги деңиздин жээги
18 / 19
Нью-Дели шаарында Индия модасынын жумалыгы өттү
19 / 19
Бишкекте салтка айланып калган "Оймо" фестивалы тартууланды