Шевченко күрөшкө басым жасап... Мушкердин Кытайдагы машыгуусунан сүрөттөр

Шевченко 10-августта UFC уюмундагы наамын коргоо үчүн беттешет.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу, америкалык UFC мушкерлер уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко Кытайда машыгып жаткан сүрөт, виделорун Instagram баракчасына чыгарууда.

Посттордо ал машыктыруучусу Павел Федотов менен Кытайдын Далянь шаарында жүргөнүн белгилеген.

Сүрөттөрдөн мушкердин спарринг-өнөктөштөрү менен күрөштүн ыкмаларын кайталап жатканын көрүүгө болот.

Муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону Шевченко беттештеринде сокку техникаларын көбүрөөк көрсөтүп келет.

Анткен менен күрөштөн деле чабал эмес. Маселен, 2017-жылы UFC уюмунун алкагында венесуэлалык Жулианна Пеньяны колун кайрып, утуп алган болчу.

Валентина Шевченко 8-июнда америкалык Жессика Айды экинчи раундда башка тээп, чемпиондук наамын коргоп калган. Эми ал курун экинчи ирет коргоо үчүн 10-августта америкалык Лиз Кармуш менен кармашат.