Ошто жер силкинди

Айрым калктуу конуштарда жер титирөө 3,5 баллга чейин жеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Ош облусунда бүгүн, 30-июнда, эртең мененки саат 8:57де жер титирегенин Сейсмология институту билдирди.

Ага ылайык, жер титирөөнүн очогу Тогуз-Булак айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышта, Кен-Жылга айылынан жети чакырым түндүк-батышта орун алган.

Жер титирөөнүн күчү Тогуз-Булак, Арпатектир, Кен-Жылга айылдарында 3,5 балл, Гүлчө, Кара-Шоро, Каблан-Көл, Жаңы-Турмуш конуштарында 3 баллга сезилген.