БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районундагы Будёновка айылындагы көлмөгө түшүп кеткен 18 жаштагы уланды изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, уландын чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү 29-июнда келип түшкөн.
"Бүгүн издөө иш-чараларын жүргүзүүгө кошумча беш куткаруучу тартылды", — деп айтылат маалыматта.
Издөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.