Чүйдөгү көлмөгө түшүп кеткен 18 жаштагы улан изделүүдө

CC0 / majdharma / Поиски упавших в реку людей
Поиски упавших в реку людей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү 29-июнда келип түшкөн.

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районундагы Будёновка айылындагы көлмөгө түшүп кеткен 18 жаштагы уланды изделип жатат.  Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, уландын чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү 29-июнда келип түшкөн.

"Бүгүн издөө иш-чараларын жүргүзүүгө кошумча беш куткаруучу тартылды", — деп айтылат маалыматта.

Издөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0