БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Туристтик милициянын кызматкерлери Ысык-Көлгө Палестинадан келген спортчуга алгачкы ирет медициналык жардам көрсөттү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ушу тапта Ысык-Көлдө эс алуу аймактарынын биринде триатлон боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Ага Казакстан, Өзбекстан, Иран, Палестина жана Кыргызстандын булуң-бурчунан келген спортчулар катышып жатат. Таймаштын жүрүшүндө палестиналык спортчу бутун кокустатып алып, жолдон чыгып кетүүгө аргасыз болгон.
Омар аттуу чет өлкөлүк спортчу ыраазычылыгын билдирип, Кыргызстанга биринчи жолу келгенин, табиятка, Ысык-Көлгө суктанып бүтө албай жатканын айтып берген.
Белгилей кетсек, туристтик милиция 2018-жылдын соңунда түзүлгөн. Ал Туризм департаменти менен биргеликте иштейт. Негизги максаты — өлкөгө келген чет элдик туристтердин коопсуздугун камсыздап туруу.