БИШКЕК, 15-июн — Sputnik. Ош базарындагы соода борборунун жанында түшүп кеткен тротуар куруучунун эсебинен каржылана турганын мэриядан кабарлашты.
Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуар соода борборунун пайдубалы үчүн казылган чуңкурдан улам түшүп кеткен.
Ош базарында түшүп кеткен тротуарды куруучу ордуна келтирип бермей болду
© Sputnik / Нурис Алымбаев, Күбөнүн Whats App-канал аркылуу жиберген видеосу
Мэриядан чуңкур имараттын астыңкы бөлүгүн куруу үчүн казылганын тастыкташты.
Окуя болгон жерге шаардын вице-мэри Уланбек Азыгалиев, Ленин районанун акиминин орун басары, Бишкек башкы архитектуранын жетекчисинин орун басары Анна Тренина жана мамэкотехинспекциянын өкүлдөрү, ошондой эле куруучулар жана соода борборунун долбоорун түзгөндор барган.
Натыйжада имаратты курган адам өз эсебинен тротуарды ордуна келтирип бермей болгон.