Туйгунаалы Абдраимов: журналисттен кечирим сурабайм, жасаган ишиме өкүнбөйм

Чүй облусунун башчысы журналисттерге көпкө чейин чыкпай жатып акыры жолугууга макул болду.
Sputnik

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимов Орок айылында кемсинткен журналисттен кечирим сурабай турганын айтты.

"Ал мага абдан орой формада суроо берди. Ошол себептен мен ага жооп берген жокмун. Адам болгондон кийин бирөөнүн бети бирөөгө жакпайт экен да. Мен андан кечирим сураганга даяр эмесмин. Жасаган аракетиме өкүнбөйм", — деди Абдраимов.

Эске салсак, бүгүн, 6-июнда, эртең менен журналисттердин жоон тобу өкмөттүн өкүлүнөн эмне үчүн ушундай кадамга барганы боюнча түшүндүрмө алууга аракет жасашты. Ал ЖМК өкүлдөрүнө бир топко чейин чыкпай жатып акыры макул болду. Бирок Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын залында өткөн жыйында журналисттердин суроолоруна толук жооп бербестен чыгып кетти. Ал кетип бараткан учурда чымыр денелүү жигиттер залдын эшигин жаап, журналисттерди чыгарбай турду.

Кечирим сура сөзүңө! Элдин Туйгунаалы Абдраимовдун кылыгына болгон нааразычылыгы
Эске салсак, жаңжал 5-июнда эртең мененки саат 8.30дар чамасында Сокулук районунун Орок айылында чыккан.

Милициянын маалыматы боюнча, жергиликтүү өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, мушташ чыккан. Эки өспүрүм ооруканага жаткырылган, алардын абалы туруктуу

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча ("Бейбаштык") каттоого алынган.