Кан тапшырып балдардын өмүрүн сактап кал! Бишкекте өзгөчө акция өтөт

Кан тапшырган жарандар инфекциянын бар-жогун бекер текшертип, канынын тобун биле алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Эртең, 4-июнда, Республикалык кан борборунун колдоосу менен "Кан тапшырып адам өмүрүн сакта" аттуу акция өтөрүн уюштуруучулар билдиришти.

Түркияда кыргызстандыктардын бекер дарылануусуна берилген квота көбөйдү
Бул иш-чара алты жылдан бери онкологиялык жана гематологиялык ооруларга кабылган балдарды колдоо максатында өткөрүлүп келет. Дагы бир максаты — кандын запасын топтоо.

Уюштуруучулар билдиришкендей, дени сак ар бир каалоочу кан тапшырып, балдардын өмүрүн сактап калууга салым кошо алат. Ошондой эле жарандар инфекциянын бар-жогун бекер текшертип, канынын тобун биле алышат.

Кан топтоо ишин Республикалык кан борборунун мобилдик лабораториясы аткарат. Иш-чара саат 9.00дөн 14.30га чейин Абдрахманов, 191 дарегинде болот.

Донорлорго болгон талап:

  • Дени сак;
  • 50 килограммдан кем эмес салмак;
  • 18ден 60 жашка чейинки жаш курак.
  • Кан тапшырар күнү сүт жана ичимдик ичүүгө, майлуу тамак жегенге болбойт.