Бишкектеги Аламүдүн дарыясынын жээгин бойлото эс алуу аймагы ачылды

Эс алуу жайдын долбоору университеттин студенттери жана Октябрь районунун №10 муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бишкектеги "Көк-Жар" кичи районундагы Аламүдүн дарыясынын жээгин бойлото жаңы эс алуучу аянт жасалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Долбоор Борбор Азиядагы Америка университети менен "Сорос – Кыргызстан" фондусунун каржылык колдоосу менен ишке ашкан. Эс алуу жайдын долбоору университеттин студенттери жана Октябрь районунун №10 муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.

"Эс алуу үчүн бардык шарттар каралган. Жарык коюлуп, отургучтар орнотулду. Аны менен кошо таштанды челектери коюлуп, балдардын эс алуусуна да ылайыкташкан", — деп айтылат маалыматта.

Жаңы эс алуу жайы 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө ачылган.