Аялын зордукчуларга салып берип Кыргызстанга качкан казак жараны кайтарылды

Негизги шектүү жаран кылмыш жасалган үйдүн терезесинен чыгып качып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстандын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Казакстанда оор кылмыш жасады деп Кыргызстанда кармалган жаранды мекенине экстрадициялады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын сайтында маалымдалды.

Чет жерде өлүм жазасына тартылган кыргызстандыктар. Кылмыштын түрлөрү
Ага ылайык, ЖАМК казак тараптын кылмышкерди өткөрүп берүү талабын орундаткан.

Шокан Абылкасымов өз аялын зордукчуларга салып берген деп издөөгө алынган. Ал кылмыш жасалган батирдин терезесинен чыгып, изин жашырган. Nur.kz басылмасынын жазышынча, Абылкасымовдун жан-жөкөрлөрү былтыр январда кармалып, он жылга эркинен ажыратылган. Негизги шектүү жаран Чүй облусунун Аламүдүн айылынан колго түшүрүлдү.