Бишкекте кайрымдуулук веложүрүш өттү. Сүрөттөр

Чогултулган каражат балдар үйлөрүндө тарбияланып чыккандардын Токмок шаарында курулган борборуна берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Борбор калаада кайрымдуулук веложүрүшү өткөндүгүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Жүрүш Асанов атындагы "Жеңиш" паркынан башталып, Эски аянтта аяктады.

Чогултулган каражат балдар үйлөрүндө тарбияланып чыккандардын Токмок шаарында курулган борборуна берилмекчи.

"Коопсуздукту камсыздоодо ЖКККББ курамы толугу менен иштеп, акциянын катышуучуларын коштоп жүрдү. Эч кандай кырсык же окуя катталган жок. Жалпысынан миңге чукул адам катышты", — деп айтылат маалыматта.

Кочкоров балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн Катар элчисинен жардам сурады
Кыргызстандагы балдар үйүнөн жылына 400-500 балдар-кыздар тарбияланып чыгат. 15-17 жаштагы балдарга ар тараптуу колдоо жана жардам керек. 2019-жылы Кызыл жарым ай коомунун Токмоктогу филиалы тарабынан балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө арнаган социалдык борбордун курулушу башталган. Анда балдарга убактылуу баш калкалап турчу жай берилет да, кызматкерлер аларды турмушта кездешчү кыйынчылыктарга каршы турууга кичинеден болсо да үйрөтөт.

Буга чейинки маалыматта аталган курулушту аягына чыгаруу үчүн 150 миң сом зарыл экени, ал акчага техника, эмерек жана башка керектүү оокаттар алынары айтылган.