Клиникалык өлүмгө дуушар болгон спортчу кыз көз жарды

Дарыгерлер ымыркайдын абалы дурус экенин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кайык менен сүзүү боюнча португалиялык спортчу Катарина Секейра клиникалык өлүмгө дуушар болгондон эки ай өткөндөн соң көз жарды. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазды.

Ага ылайык, 4,5 айлык боюнда бар спортчу былтыр декабрда оор астма дартын башынан өткөргөндөн кийин ооруканага жаткырылган.

Ал жасалма комага түшүрүлүп, бирок абалы өтө начарлап кеткен. 26-декабрда дарыгерлер бейтаптын мээси өлгөнүн билдиришкен. Бирок адистер ымыркай төрөлүшү үчүн анын денесинин иштөөсүн жасалма жол менен кармап турушкан.

Элден корунган келин Интернеттеги ыкма менен төрөйм деп көз жумду. Индиядагы окуя
56 күн бою дарыгерлер абалды көзөмөлдөп, бирок түйүлдүк 32 жума болгондо кесерево жолу менен төрөттү кабыл алууга аргасыз болушкан. Операциядан кийин дарыгерлер бейтапка тагылган бардык аппараттарды алып, ал бул дүйнө менен кош айтышкан.

Ымыркай 1,7 килограмм салмак менен төрөлүп, дарыгерлер анын абалы канааттандырарлык экенин белгилешти.