Россиянын президенти Путин мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

Мамлекеттик сапардын алкагында 30га чукул документке кол коюу күтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди.

Путинди тосуу аземи жаңы форматта өтүп, таң каларлык болору айтылды
Путинди эл аралык "Манас" аэропортунан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Расмий кездешүү мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтөт.

Мамлекет башчылары тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан соң кыргыз-орус делегацияларынын мүчөлөрү кеңири форматта жолугат.

Андан сырткары, Путин менен Жээнбеков "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясына катышып жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине бармакчы.

Мамлекеттик сапардын алкагында 30га чукул документке кол коюу күтүлүүдө.