Бишкекте эки күн көчөлөр жабылып турат

Көчөлөрдөгү жол кыймылына 27-28-март күндөрү маал-маалы менен чектөө киргизилип турмакчы.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик сапарынан улам Бишкек шаарынын негизги көчөлөрү менен Чүй облусунун жолдору жабыла турганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, көчөлөр 27-28-март күндөрү маал-маалы менен жабылып турат.

Мындан улам ЖКККББ убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, транспорт каттамдарын алдын ала пландаштыруу керек экендигин эске салат.