Путин Бишкекке келгенде үч негизги маселе талкууланат

Путин 28-мартта Бишкекке мамлекеттик сапар менен келет.
Sputnik

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болчу мамлекеттик сапары учурунда кыргыз тарап менен ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык процесстер талкууланат. Бул тууралуу "Росконгресс" фондусу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковго таянуу менен билдирди.

Путин Бишкекке 28-март күнү келет.

"Башкысы биз күтүп жаткан сүйлөшүүлөр. Россия менен Кыргызстандын эки тараптуу кызматташуусу, ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык процесстер жана эл аралык маселелер талкууланат", — деди Песков.

Путиндин сапарын утурлай Бишкекте 27-28-мартта "Стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы горизонттору жана интеграция" аттуу аймактар аралык конференция өтөт.