Токмокто бычакталган жигит. Милиция шектүүнү колго түшүрдү

Териштирүү маалында өлгөн киши 29 жаштагы С.Т. аттуу адам экени аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Токмокто массалык мушташта бычакталып каза тапкан жигиттин өлүмүнө шектелип шаардын 24 жаштагы тургуну кармалганын Чүй облустук милициясы билдирди.

Бишкектеги мушташтан 19 жаштагы улан каза тапты
Эскерте кетсек, окуя буга чейин аталган калаадагы "Космос" кинотеатрынын жанында болгону айтылат. Көчөдө сүйлөшүп турган төрт адам он чакты киши менен айтыша кетип аягында мушташ чыккан да, төртөөнүн экөө бычакталган.

Милициянын маалыматына ылайык, эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү 17-март күнү болжол менен түнкү саат 3.05те түшкөн. Окуя болгон жерге барган тартип сакчылары азиат тектүү 20-25 жаштардагы жигиттин бычакталган сөөгүн көрүшкөн.

Аталган факт Кылмыш жаза кодексинин 130-беренесине ("Адам өлтүрүү") ылайык бирдиктүү реестрге катталып, териштирүү маалында өлгөн киши 29 жаштагы С.Т. аттуу адам экени аныкталган.

"Ошол эле күнү аймактык ооруканадан 30 жаштагы кишинин бычак жеп түшкөнү тууралуу маалымат келди. Иликтөө учурунда кылмышка шектүү катары 24 жаштагы жергиликтүү тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Ушу тапта милиция окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, баштапкы тергөө иштери жүрүүдө.