Мечитке кол салуудан 30га чукул адам каза болду. Жаңы Зеландиядагы каргаша

Линвуд аймагындагы мечиттин ичинде болжол менен 300дөй адам болгон учурда автоматчан киши аткылагандыгы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы мечит аткылоого алынып, андан курман болгондордун саны 27ге жетти деп айтылат РИА Новости жазган маалыматта.

Кандуу окуя боюнча баштапкы кабарды Stuff маалымат порталы тараткан.

Окуяга күбө болгондор шаарга жакын Линвуд аймагындагы мечиттин ичинде болжол менен 300дөй адам болгон учурда автоматчан киши аткылагандыгын айтып беришкен. Окту шлем кийип, көз айнек тагынган, күрмөчөн киши чыгарган.

New Zealand Herald басылмасынын жазгандарына караганда, аскер образы менен келген ал киши Австралиянын жараны. Ультра оңчул кылмышкер өзүнүн ниетин 37 барактык "манифестке" калтырып кеткен.

Индия менен Пакистан бири-биринин учагын атып түшүргөнүн айтууда. Эмне болуп жатат
Шаардык ооруканага 6 адам жеткирилсе, дагы 40-50 киши тез арада карай турган бөлүмгө түшкөн.

1 News телеканалы дагы бир мечитте жана шаардык ооруканадагы аткылоо туурасында кабарлаган. Бул иштерге катыштыгы бар деген дагы бир киши кармалган. Полиция кол салган башка адамдар шаарда жүрүшү мүмкүндүгүн билдирди.

Тартип коргоо органдарынан аткылоого алынган мечиттен үч чакырым аралыкта миналанган автоунаанын табылгандыгын айтышты.

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн бул терактыны өлкөнүн тарыхындагы "каргашалуу күндөрдүн бири" деп атады.