Кен иштетүүчүлөр салыктарды жогорулатууга каршы чыгышты

Ишкерлер коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда салыктын чени жогору экенин айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Тоо-кен тармагында иш алып барган ишкерлер Коопсуздук кеңеши тарабынан сунушталган салыктын ченин жогорулатууга каршы экенин Ишкерлердин эл аралык кеңешинин өкүлү Аскар Сыдыков маалымат жыйында айтты.

Белгилей кетсек, Коопсуздук кеңешинин жыйыны үстүбүздөгү жылдын 30-январында өткөн. Президент Сооронбай Жээнбеков 2-февраль күнү кеңештин кабыл алган чечимине кол койгон. Алардын биринде "кен казган жана иштеткен ишканалардын тапкан кирешесинен алынуучу салыктын көлөмүн жогорулатуу" бар.

"Бир жыл мурун "Эрнст энд Янг" эл аралык консалтинг компаниясынын иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанда кирешеден түшкөн салык 17,9 пайызды түзчү. Бул Монголия менен Казакстанга караганда жогору көрсөткүч. Ал жакта 15 жана 14 пайызга барабар. Биз ансыз деле бардык чыгашалардын эсеби менен салык жогору экенин айтып келебиз", — деди Сыдыков.

Кендеги коррупциянын тамыры кыйылабы? Жээнбековдун тапшырмасы
Анын айтымында, кирешелүүлүгү болгону беш пайызды түзүп, 20 жыл ичинде гана өзүн актаган айрым ишканалар бар.

"Биздин компаниялардын маалыматы боюнча жалпы салык режиминде иштеген бир дагы ишкана өзүн актай элек. Азырынча акча салынып эле келе жатат. Мында кеп түстүү металлдарды казуу жаатында болуп жатат. Ишкерлер акчасын качан актап алары белгисиз", — деди Сыдыков.

Буга чейин маалымат жыйында кен иштетүүчүлөр Коопсуздук кеңешинин чечимдери тоо-кен тармагын бир топ чыгымга учурата турганын айтып беришкен.