Казакстанда дагы күмөн санаткан жумурткалар пайда болду. Видео

Кыргызстандагы резинадай чоюлган жумуртка боюнча видео бир нече күн мурда социалдык тармактарда тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Казакстанда дагы сапаты күмөн санаткан жумурткалар пайда болгонун Tengrinews агенттиги жазды. 

Видеонун авторунун айтып жатканына караганда, бул окуя Усть-Каменогорск шаарында болгон.

"Бүгүн жумушка барсам Кытайдын пластмасса жумурткаларын көрсөтүштү. Демек Казакстанга дагы жетиптир да. Тешип көрсөк, ичи толо гель. Мөөрү бар. Сууга бышырсаң, кадимки белок сыяктуу агарат. Абайлап сатып алгыла", — деп айтат видеонун каарманы.

Tengrinews өз макаласында Кыргызстанда болгон окуя тууралуу дагы жазган.

"Кытай сүтү" тууралуу видео боюнча технолог айтып берди
Эске салсак, 17-февраль күнү социалдык тармактарда өзүн Ош шаарынын тургунумун деп тааныштарган адам жумуртканын сарысы резинадай чоюлуп жатканын көрсөтүп берген видео тараган. Андан соң бул окуя боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Канаттууларды багуучулардын ассоциациясынын төрагасы Рустам Осмоналиев өз пикирин билдирип жатып, сапатсыз жумурткалар Өзбекстандан кириши мүмкүн деген оюн айткан. 

Бир нече сааттан кийин өзбек тарап буга жооп кайтарган. Өлкөнүн Ветеринария комитетинин жетекчиси Алижон Жураев буга чейин Кыргызстанга жумуртка экспорттоо боюнча эч ким уруксат сурап кайрылбаганын айткан.

Бүгүн, 19-февраль күнү, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов журналисттерге Оштогу жумуртка боюнча иликтөө иштери башталганын айтты. Маалыматка караганда, товар Ошко Өзбекстандан эмес, Ысык-Көл облусунан барган.