"Манастагы" бомба: түйшүк тарткан эл менен кызматкерлердин сүрөттөрү

Sputnik

Күткөн эл, курчоого алынган аэропорт. "Манаста" бомба изделип жаткандагы видео
Издөө иштери дээрлик үч саатка созулуп, натыйжада жалган маалымат түшкөнү аныкталды. Болжол менен саат 17.40та аба майдан кайрадан өз ишин улантты. Буга байланыштуу "Ош" аэропорту да текшерүүгө алынып, ал жактан жарылуучу зат табылган жок.

Ал арада Бишкектин эки жерине бомба коюлду деген кабар тарады.

Бомба тууралуу билдирүү келип түшөрү менен эмне болгонун онлайн репортаждан караңыз.

1 / 12
Бомба тууралуу маалымат түшөрү менен аэропорттун аймагы курчоого алынды
2 / 12
Аба майдандын аймагына эч ким киргизилбей, жолдор жабылып, унаа тыгыны жаралды
3 / 12
Чукул кырдаалдын айынан аба каттамдар токтотулуп, жүргүнчүлөр жолдо калды
4 / 12
Бомбаны издөө дээрлик үч саатка созулду
5 / 12
Сырттагы жүргүнчүлөрдү коопсуздугуна да кам көрүлдү
6 / 12
Жалган маалыматтын айынан жөнөкөй адамдар убарагерчилик тартты
7 / 12
Алдын ала берилген маалыматтарга караганда бомба коюлду деген кабарды чет өлкөдөн жиберишкен
8 / 12
Милиция аэропорттун администрациясы менен биргеликте автобус алып келип эвакуацияланган адамдар ичинде жылынып турду
9 / 12
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдирүү келип түшөрү менен аэропорттун бардык имараттары, учактар текшерилгенин айтты
10 / 12
Бомбаны издеп, бирок табышкан жок. Саат 17:40тан тарта аэропорт өз нугунда иштеп баштады
11 / 12
Атайын кызматтар "телефон террорчусу" менен ага тиешеси барларды издөө улантыларын айтышты
12 / 12
Эл аралык "Манас" аэропортуна бомба коюлду деген кабардан улам үч каттам кечигүү менен учту