БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. 2018-жылы беш спортчу тыюу салынган препарат колдонгону үчүн түрдүү мелдештерден четтетилген. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Канатбек Арпачиев ведомствонун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Анын айтымында, 21 спортчу допинг көзөмөлүнөн өтүп, натыйжада 5 спортчудан тыюу салынган препараттар табылган. Бирок азырынча ал спортчулардын ысымын атай албай турганын белгиледи.
Арпачиев кошумчалагандай, эреже бузган спортчулар түрдүү мелдештерден четтетилген.