Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Чек ара 10-февралга чейин жабык болот.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кытай улуттук "Жаз" майрамын белгилегени жатат. Буга байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы 2-10-февраль аралыгында жабык болот. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.

Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин "Торугарт" менен "Эркечтам" өткөрмө бекеттери жабылат.

Адамдар, транспорттор жана жүк ташуучу унаалар 11-февралдан тарта өтө баштайт.