БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кытай улуттук "Жаз" майрамын белгилегени жатат. Буга байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы 2-10-февраль аралыгында жабык болот. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин "Торугарт" менен "Эркечтам" өткөрмө бекеттери жабылат.
Адамдар, транспорттор жана жүк ташуучу унаалар 11-февралдан тарта өтө баштайт.