БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкектен учуп чыгып Тегеранга жакын жерде кулап түшкөн учак эт ташып келе жатканын Fars маалымат агенттиги жазды.
Ага ылайык, кырсыктаган учак Ирандын аба күчтөрүнө таандык болгон. Өлкөнүн жарандык авиациясынын өкүлүнүн билдиришинче, кырсыктын чоо-жайын аскердик чалгындоо комитети иликтейт.
Ишенимдүү булактын маалымдашынча, пилот жерге конуп жатканда учакты башкара албай, ал учуп-конуу тилкесинен чыгып, киши жашаган аймакка кирип кеткен.
Тегеранга жакын жерде кулап түшкөн учак ирандык авиакомпанияга таандык болгонун жана Бишкектен чартердик каттам аткарганын "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктаган. Учак Бишкектен 14-январь күнү саат 7.16да учуп чыккан.
Жергиликтүү ЖМКлар кулап түшкөн самолеттун учкучтары аман-эсен экенин жазууда. Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан 8 киши каза тапты.