КР эл артисти, опера ырчысы Эсенбү Нурманбетова дүйнө салды

Маалыматка караганда, Нурманбетова омурткасын сындырып алып көптөн бери ооруп жүргөн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл артисти, опера ырчысы Эсенбү Нурманбетова көз жумду. Маалыматты артисттин кесиптештери тастыктады.

Алардын айтымында, Нурманбетова омурткасын сындырып алып көптөн бери ооруп жүргөн. Ал бүгүн, 3-январда, өз үйүндө үзүлгөнү айтылат.

Дүйшөнбек Үкүев дүйнө салды
Эсенбү Нурманбетова 1984-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдыңкы солисти болуп иштеген. Ага 1992-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы берилсе, 1995-жылы "Манастын" миң жылдыгынан кийин "Эл артисти" наамы ыйгарылган.

62 жаштагы артист өзүнүн эмгек жолунда "Айчүрөк" (Калыйман), "Манас" (Канайым), "Ажал ордуна" (Зулайка), "Токтогул" (Валентина) операларында роль жараткан. Ошондой эле "Курманбек" (Гүлайым) "Аста секин, колукту!" (Зияда), "Акмөөр" (Акмөөр), "Аршин мал алан" (Асия) спектаклдеринде жана бир катар улуттук, дүйнөлүк чыгармаларда ойногон.

Соңку учурларда Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында тажрыйбасын жаштар менен бөлүшүп, студенттерди окутуп жүргөн.