БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Валентина Шевченко атаандашын жеңип, UFC уюмунун чемпиону аталды. Ушуну менен кыргызстандык мушкер биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду.
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко атаандашы Жоанна Енджейчикти утуп, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону аталды.
Кармаш UFC 231 турниринин алкагында Торонтодо (Канада) өттү. Анда Шевченко польшалык Енджейчик менен 57 килограмм салмакта күч сынашып, беш раунддун жыйынтыгы менен жеңип алды.
Ушуну менен кыргызстандык мушкер биринчи жолу мурдагы совет өлкөлөрүнүн ичинен кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук наамына ээ болду. Эркектер арасында россиялык Хабиб Нурмагомедов чемпион болгон.