Шадиевдин соту. Күбөлөр экс-депутатты тааныбай турганын айтышты

Закиров Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси, Шадиев үч беренеси менен айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Аскарбек Шадиевдин соту болуп, ага Шадиев менен кошо айыпталып жаткан Арсен Закиров катышты. Экс-депутат учурда чет жакта болгондуктан сотко келген жок.

Белгилей кетсек, Закиров Жогорку Кеңештин аппаратынын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп турганда КМШнын парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан бөлүнгөн 2 миллион сомду (30 миң АКШ доллары) өзүнө ыйгарып алды деп айыпталууда. 

Сот отурумунда Жогорку Кеңештин конституциялык комитетинин эксперти Асангүл Мамбеталиева менен Бакыт Арзакул аттуу жарандар көрсөтмө берди. Мамбеталиева Шадиев менен тааныш эместигин, мурда-кийин жолугуп сүйлөшпөгөнүн айтып, бирок Арсен Закиров менен иш бөлмөлөрү жакын болгондуктан аны тааный турганын кошумчалады.

Сот, кат жана мандат. Шадиевдин айланасындагы ызы-чуу
Ал эми Бакыт Арзакул болсо Шадиевди да, Закировду да жакындан тааныбай турганын айтты. Андан сырткары, 2017-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын ээлери тандалбагандыктан акча деле бөлүнбөгөн болушу мүмкүн деген божомолун билдирди.

Белгилей кетсек, Шадиев 6-апрелде кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Буга Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров алып алды делген 2 миллион сомго байланыштуу козголгон кылмыш иши себеп болгон. Аталган сумманы алууга шарт түзгөн катка Аскарбек Шадиев кол койгон.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутатына Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу", "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү" жана "Криминалдык жол менен табылган каражатты мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча үч иш козголгон

Кийинки сот отуруму 7-декабрга белгиленди.